04:33
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Борбор Азия мамлекет бачылары 27-ноябрда Ташкентте жолугушат

Борбор Азия өлкөлөрүнүн экинчи кеңешмеси 27-ноябрда Ташкентте өтөрү пландалууда. ТАСС агенттиги маалымдагандай, бул тууралуу Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев 12-ноябрда билдирген.

Назарбаев жолугушуу мурда белгиленгендей эле Ташкентте өтөрүнөн үмүт арткан.

Нурсултан Назарбаев Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан ортосунда чечилбеген маселелер бар экенин айткан. «Кагылышуулар болууда, кишилер өлүүдө», — деген ал.

2017-жылы Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын бейформал жолугушуусун өткөрүүнү демилгелеген.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын биринчи кеңешмеси 2018-жылы мартта Казакстанда өткөн. Быйыл июлда Өзбекстан ТИМи экинчи жолугушуу күзүндө Ташкентте болорун кабарлаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума