05:03
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Алай районундагы борбордук автобекет мамлекетке кайтарылды

Алай районунда базар баасы 65 миллион 350 миң сомду түзгөн борбордук автобекет мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Гүлчө айыл аймагындагы борбордук автобекет мурда «Гүлша-автобекети» мамлекеттик акционердик коомуна таандык болгон жана мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен.

«Гүлша-Автобекети» мамлекеттик акционердик коомунун жооптуу адамдары ишкананын акцияларынын 70 пайызын, жалпы аянты 0,42 гектарга жакын жер тилкесин жана 135 чарчы метрди түзгөн административдик имаратын сатып жиберген. Андан кийин ушул эле адамдар Гүлчө айыл аймагынын кызмат адамдары менен ич ара сүйлөшүп, 2015-жылы укук белгилөөчү документтерди алышкан. Автобекет учурда коомдук базар катары иштейт, соода түйүндөрүн ижарага берүүдөн ай сайын 500 миң сомго жакын киреше түшүп, алар жеке чөнтөккө кетип турган", — деп айтылат маалыматта.

УКМК бул объектинин максатсыз пайдаланылышы калктын жана такси айдоочуларынын нааразычылыгын жаратканын, алар автобекеттин жоктугунан Гүлчө айыл аймагынын ар кайсы көчөлөрүндө башаламан автостанцияларды уюштурууга аргасыз болушканын кошумчалады.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, борбордук автобекет жер тилкеси менен, административдик имарат ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума