05:37
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Президент Улуу Британиянын тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Борбордук Азияга болгон сапарынын алкагында өлкөгө расмий сапар менен келген Улуу Британиянын тышкы иштер министри — лорд Дэвид Кэмеронду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы саясат мекемесинин башчысы менен саламдашып жатып, Садыр Жапаров Улуу Британия өлкөнүн тышкы саясатынын батыш багытында маанилүү орунду ээлей турганын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгынын, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана транспорт тармактарындагы перспективалар тууралуу пикир алмашуу болду.

Ошондой эле тараптар билим берүү жана сезондук эмгек миграциясы маселелери боюнча эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн, регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу темаларды талкуулашты.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы


Улуу Британиянын тышкы иштер министри ар кандай тармактарда кыргыз-британ кызматташтыгын өнүктүрүүнүн жана бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле эки өлкө ортосундагы чоң потенциалды айтып өттү.

Садыр Жапаров Дэвид Кэмерондун расмий сапары Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы көп тармактуу кызматташууга жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума