02:35
USD 88.33
EUR 95.26
RUB 0.96

Шайлоо: Ошто Бекмурза Эргешов, Кара-Сууда Илимбек Кубанычбеков алдыга чыкты

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы маалыматына ылайык, бир мандаттуу Ош округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо талапкер Бекмурза Эргешов добуштардын 43,80 пайызын (9 миң 698) алып алдыга чыкты.

Андан кийинки орунда 14,60 пайыз добуш (3 миң 233) топтогон Ильичбек Эргешов турат. Үчүнчү орунга Бекболот Арзибаев 13,68 пайыз (3 миң 28) добуш менен келди.

Кара-Суу округунда 36,16 пайыз (7 миң 601 адам) добуш менен Илимбек Кубанычбеков жеңди. Экинчи жана үчүнчү орунду Турдубек Орунбаев 17,28 пайыз (3 миң 633 адам) менен Сталбек Ажимаматов 12,76 пайыз (2 миң 682 адам) ээледи.

Эки округда тең добуш бергендер 20 пайызга жеткен жок. Ош округунда шайлоочулардын 18,41 пайызы (23 миң 78 адам), Кара-Суу округунда 18,77 пайызы (21 миң 23 адам) гана келди.

Кара-Суу округунда 62 добушкана ачылган. Аймакта 112 миңден ашык шайлоочу катталган. Ош округунда 55 шайлоо участкасы уюштурулган, шайлоочулардын саны 125 миңден көп.

Бишкек шаарынын административдик соту 27-апрелде БШКнын талапкер Бекмурза Эргешовду жарыштан четтеткен чечимин жокко чыгарган.

БШК Эргешовду 26-апрелде жарыштан четтеткен. Буга башка талапкерлердин аны административдик ресурс колдонууга айыптаган арызы негиз болгон.

Буга чейин эркин журналист Ыдырыс Исаков айрым аткаминерлер жана аларга баш ийген кызматкерлер Эргешовдун штабында жүргөнү тууралуу видео жарыялаган.

Бул видео чыккандан кийин мэрияда атайын комиссия түзүлүп, иликтөө жүргөн жана анын чечими менен айрым кызмат адамдары жазага тартылганы белгилүү болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар