20:20
USD 88.33
EUR 95.26
RUB 0.96

Бишкектеги ЖОЖдордун биринде финансылык бузуулар аныкталды

Россия жана Кыргызстандын эсептөө палаталарынын коллегиясынын видео-конференция форматында биргелешкен отуруму болду.

Анын жүрүшүндө «Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети жогорку кесиптик билимдин мамлекеттик билим берүү мекемесинин 2020-2022-жылдары финансылык жактан камсыз кылууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө ишинин натыйжалуулугун текшерүү» биргелешкен контролдук иш-чаранын жыйынтыктары жөнүндө отчет каралды.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча төмөндөгүлөр аныкталды:

• КРСУнун 2020-2022-жылдарга штаттык жүгүртмөсүндө белгиленген профессордук-окутуучулук курамдын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү Кыргызстандын өкмөтүнүн токтомдору менен белгиленген өлчөмдөргө туура келбейт;

• 2020-2022-жылдары университет тарабынан Кыргызстандын республикалык бюджетинен каржылануучу грант ээлеринин тизмесине клиникалык ординатуранын 675 студенти негизсиз киргизилген. Көрсөтүлгөн мезгил аралыгында Кыргызстандын республикалык бюджетинен ЖОЖ тарабынан негизсиз алынган сумма 26 миллион 689,5 миң сомду түзгөн;

• жумуштардын көлөмү жана курулуш иштеринин баасы 250,7 миң сомго ашыкча бааланган;

• Кыргызстандын өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 токтому менен бекитилген, Кыргызстанда акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарына тарифтерди түзүү жана колдонуу жөнүндө жобонун 16-пунктун бузуу менен, университет 303,4 миң сом суммасындагы соттук чыгымдарды акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркына киргизген;

• «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» Кыргызстандын кодексинин 101-беренесин бузуу менен «Альфа Телеком» ЖАКтан 2020-2022-жылдарга антенна-фидерлерди жана башка жабдууларды жайгаштыруу, орун берүү үчүн ижара акысы 689,1 миң сомду түзүп, университет тарабынан бюджетке которулган эмес .

• натыйжасыз пайдаланылган бюджеттик каражаттар 817,2 миң сомду;

• ченемден ашык корлордун калдыктары 1 миллион 237,9 миң сомду түзгөн;

• университеттин жер участогунда коомдук тамактануу үчүн бир кабаттуу имарат болгон. Бирок колдонууда болгонуна карабастан, университеттин балансына киргизилген эмес. Имарат үчүнчү жак тарабынан ижара акысын төлөбөстөн, коммерциялык ишмердүүлүк үчүн пайдаланылган, бул университеттин финансылык отчетунда чагылдырылган эмес. Үчүнчү жактын имаратка болгон укуктарына тиешелүү документтер берилген эмес, бул бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдын бузулушун көрсөтөт.

«Мындан тышкары, университет жалпы аянты 221,2 чарчы метр болгон тиш дарылоо борборун жана 18 миллион 790,5 миң сомдук жабдууларды, биргелешип иштөө келишиминин шарттарына ылайык ижара акысын төлөбөстөн иштеткен. Бирок бул келишимдин шарттары университет үчүн пайдасыз болуп чыгып, анын финансылык ресурстарын натыйжасыз колдонууга жана олуттуу зыян келтирүүгө алып келген. Келишимге ылайык, «Артехико» ЖЧКсы университетке түшкөн пайданын 30 пайызын төлөп бериши керек болчу, бирок 2020-2022-жылдар аралыгында университет 101,1 миң сом гана алган, жалпы чыгымы 3 миллион 904,3 миң сомду түзгөн», — деп айтылат маалыматта.

Аудит материалдары укуктук баа берүү үчүн УКМКга өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар