18:55
USD 88.33
EUR 95.66
RUB 0.97

56 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн 16 пайызы ээрип кеткен

1970-жылдан 2016-жылга чейин Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн 16 пайызы ээрип кеткен. Бул тууралуу «Борбордук Азиядагы гидроресурстардын тартыштыгы: суу көйгөйлөрүн аймактык жана эл аралык деңгээлде чечүү жолдору» эл аралык конференциясында Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

Мен Кыргызгидрометтин 2016-жылга чейинки маалыматтарын айттым, анткени андан кийин маалыматтар жаңыланган эмес. Азыр маалыматтарды жаңыртуу иштери жүрүп жатат.

Марат Иманкулов.

Коопсуздук кеңешинин жетекчисинин айтымында, 2013-2016-жылдары Кыргызстанда 9 миң 957 мөңгү болгон. Алардын жалпы аянты 6 миң 683 чарчы километрди түзгөн. СССР мөңгүлөрүнүн каталогуна ылайык, 1940-1970-жылдары өлкөнүн аймагында 8 миң 166 мөңгү болуп, алардын жалпы аянты 7 миң 945 чарчы километрге жеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар