18:14
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Садыр Жапаров Москвада өтө турган Жеңиш парадына жана ЕАЭБдин саммитине катышат

Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Садыр Жапаров 8-майда Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана 9-майда Москва шаарында өтө турган Жеңиш парадына катышат.

«Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары «2025-жылга чейинки Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө» 2023-жылдын жыйынтыктары боюнча жана «2023-жылга Евразия экономикалык биримдигинин Эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндө» баяндамаларды угушат», — деди ал.

Бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу, анын ичинде бир жагынан ЕАЭБ жана ага мүчө мамлекеттер, экинчи жагынан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосунда товарлардын жасалган жерин сертификациялоонун жана верификациялоонун электрондук системасынын алкагында маалыматтарды электрондук алмашуу жөнүндө протоколдун долбоорун колдоо пландаштырылууда.

Мындан тышкары, «Евразия экономикалык биримдигине 10 жыл» медалы уюштурулат.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума