18:07
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Ош шаарында 55,7 миллион сомго гибриддик футбол аянтчасы курулат

Ошто ФИФАнын талаптарына жооп берген гибриддик футбол аянтчасы 55,7 миллион сомго курулат. Тендер тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.

Жаңы футбол аянтчасы «Мээрим» эс алуу паркында курулат. Белгилей кетсек, гибриддик футбол талаасы чөптүн табигый уруктарына жасалма газон жиптерин кошуу аркылуу түзүлөт.

Тендердик документтерге ылайык, футбол талаасынын астында бийик пайдубал болот, канализация, суу, жылуулук жана газ өткөрүлөт. Ошондой эле тендердин баасына аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу да кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума