15:05
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Садыр Жапаров Ош шаарындагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, мектептин эски имараты 2015-жылдагы жер титирөөдө катуу жабыркап, жараксыз деп табылган, ал эми окуучулары И.В.Панфилов атындагы мектеп-гимназиясына көчүрүлгөн. Жаңы имараттын курулушу ошол жылдары эле башталганы менен долбоор 2020-жылга чейин токтоп калган. 720 окуучуга ылайыкташкан жаңы имарат өз окуучуларын, мугалимдерин тосуп алууга даяр.

Раззаков мектеби менен катар мамлекет башчысынын катышуусунда жалпы өлкө боюнча 9 мектептин, 2 бала бакчанын онлайн ачылышы болуп өттү.

Садыр Жапаров республика аймагында ачылып жаткан мектептердин жагдайы дээрлик окшош экенин: же эскилиги жеткен, же жаратылыш кырсыгынан жабыркаганын айтып өттү. Көп жылдардан бери билим берүү имараттарынын эскилиги башкы көйгөй болуп келген.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары балдардын билим сапатын жакшыртуу үчүн билим уяларынын көйгөйүн чечүүгө батыл киришип, мектеп имараттарынын курулушу масштабдуу түрдө колго алынганын эске салды. Президент акыркы 3 жылдын ичинде 315 мектеп жана 69 бала бакча салынганын айтып, жылдан жылга билим берүү тармагына каралган каражаттардын динамикасы өсүп жатканын кошумчалады.

Ал мектептерди куруп, капиталдык ремонттон өткөрүп, окутуунун жаңы технологиялары менен жабдуу — негизги максаттардын бири экенин айтты. Ошондой эле билим сапатын көтөрүүдө окуу китептеринин мааниси чоң экендигин белгиледи. Ошондуктан өткөн жылы 152 миллион сомго 574 миң нуска китеп басылып чыккан.

Садыр Жапаровдун айтымында, жүргүзүлгөн талдоолорго ылайык, балдардын сапаттуу билим алып чыгуусунда мектеп, китеп жана башка көйгөйлөрдөн сырткары, билим берүүнүн ыкмаларын өзгөртүү дагы башкы маселе экени аныкталды.

Президент белгилегендей, мектептерде билим берүүгө байланыштуу иш-чаралардын көпчүлүгүндө ал ата-энелерге дайыма кайрылып, мугалимдер жамааты менен тыгыз кызматташып, балдардын билим алуу процессине жигердүү катышууга чакырат.

Мамлекет башчысы өткөн жылы «Акылман» президенттик лицейи түзүлгөнүн эске салды. Анын башкы максаты — жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо. Лицейдин бүтүрүүчүлөрү келечекте республикада жооптуу кызматтарды ээлеши керек. Алар катардагы кызматкерден министрликтин жетекчисине чейин жолду басып өтүп, балким, өлкөнүн президентинин ордун ээлешет. Лицейге академиялык жетишкендиктери жогору болгон таланттуу окуучулар гана тандалып алынат.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума