22:01
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

2026-жылы Кумтөрдүн калдык сактоочу жайынан алтын казууну баштоо пландалууда

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенине барды. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров алтын ылгоочу фабрикада, калдык сактоочу жайда, борбордук карьерде болуп, андан соң ишкананын оор техникаларды оңдоочу жайына барып, жаңы экскаваторлорду куроо, май куйуучу бекеттерди жана кампаларды автоматташтыруу иши менен таанышты.

«Кумтөр Голд Компанинин» жетекчиси Алмазбек Барыктабасов белгилегендей, учурда жер астынан алтын казып алуу долбоорун ишке ашырууга даярдыктар жүрүп жатат.

«Жер астынан алтын казуу долбоорун ишке ашыруу менен кошумча 115 тоннага жакын алтын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле калдык сактоочу жайдан дагы алтын алууну пландап жатабыз. Мындан тышкары, 17 тоннадан ашык алтындын запасы бар Тоголок алтын кенин өздөштүрүү боюнча иштер активдүү уланып, Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо иштери жүрүүдө», — деди ал.

Акылбек Жапаров кендин үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иштешинин, коюлган бардык пландардын аткарылышынын маанилүүлүгүн белгиледи.

«Кен өлкө менчигине өткөндөн бери алгылыктуу бир топ жакшы өзгөрүүлөр орун алууда. Мындан да жакшы ийгиликтерге жетүүгө тынымсыз аракет кылуу керек. Кумтөрдүн натыйжалуу иш жүргүзүүсү мамлекет үчүн өзгөчө маанилүү», — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча компания 13 миң 567 килограмм алтын өндүрүп, өлкөнүн бюджетине салыктар, социалдык жана башка төлөмдөр түрүндө 17,2 миллиард сом которгон. Мындан сырткары, 2022-жыл үчүн дивиденд түрүндө өлкө бюджетине 140 миллион доллар төксө, быйыл 2023-жыл үчүн 151 миллион доллар которот.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума