01:54
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Кыргызстандык окуучулар математикалык олимпиадада төрт медаль утуп алышты

Кыргызстандык окуучулар Болгарияда өткөн Балкан математикалык олимпиадасында төрт медаль жана эки ардак грамота алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуучулар бир күмүш жана үч коло медаль утушту. Аларды олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.

Күмүш медалды «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу Ян Бобрус, коло медалды «Газпром Кыргызстан» мектебинин 10-классынын окуучулары Нурсултан Эшперов жана Сейит Рыскулов, № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин 10-классынын окуучусу Нурдөөлөт Капаров жеңип алышты. Ардак грамоталары менен № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин 10-классынын окуучулары Назар Киргизбаев жана Айдин Асанкадыров сыйланышты.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы. Олимпиаданын катышуучулары

41-Балкан математикалык олимпиадасына 22 өлкөнүн окуучулары катышты.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума