23:05
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Аба ырайы +32 градуска чейин ысып, дем алыш күндөрү жаан жаайт

Синоптиктердин маалыматы боюнча, аптанын экинчи жарымында Бишкекте аба ырайы ысык болот, бирок дем алыш күндөрү кайрадан жамгыр жаашы күтүлөт.

9-майда борбор калаада күн ачык жана ысык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +17 градуска, күндүз +32 градуска чейин жогорулайт.

10-майда күн ачык, түнкүсүн +17 градуска чейин болот, жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз күн бүркөлүп, жамгыр жаашы мүмкүн. Аба ырайы +24 градуска чейин жылыйт.

11-майда дагы суугураак болот. Күнү бою жамгыр жаайт. Түнкүсүн + 14, күндүз + 20 градуска чейин болот.

12-майда туруксуз аба ырайы күтүлөт, жаан жаашы мүмкүн, бирок күн жылыйт. Түнкүсүн + 10, күндүз + 23 градуска чейин жогорулайт.

13-14-майда Бишкекте аба ырайы турукташат. Шаарда кайрадан жылуу жана күнөстүү аба ырайы болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума