02:29
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Адахан Мадумаров «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидерлигинен кетти

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гуля Кожокулова Адахан Мадумаров «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидерлигинен кеткенин билдирди.

Анын айтымында, буга Мадумаровго карата козголгон кылмыш иши себеп болгон. Анын айтымында, учурда депутат сот иштери менен алек.

Ошондой эле Кожокулова фракциянын жаңы лидери Исхак Масалиев, анын орун басары Эмил Токтошев болгонун айтты.

Гуля Кожокулова жаңы жетекчиликке ийгиликтерди каалап, кесиптештерине, шайлоочуларга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. 

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума