Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалына карата расмий фан-зона уюштурулат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-июлда майрамдык программа саат 21:00дө башталат. Ал эми саат 01:00дө күйөрмандар финалдык беттешти чоң LED-экрандан түз эфирде көрө алышат.
Коноктор үчүн фудкорт, оюн-зоок аянтчалары, белектердин ойнотулушу жана башка иш-чаралар даярдалат. Кеченин музыкалык хедлайнери аткаруучу Ulukmanapo болот.
Фан-зонага кирүү акысыз.

