14:26
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Сертификаты жок: Кыргызстан Казакстанга 1,7 тонна коонду кайтарды

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгынын кызматкерлери «Чалдыбар» өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан курама постто Казакстандан Кыргызстан аймагына коон партиясын алып кирүүгө бөгөт коюшту.

Департаменттин маалыматы боюнча, Кыргызстан аймагына 1 миң 700 килограмм коонду алып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.

Фитосанитардык тобокелдиги жогору болгон карантин алдындагы продукциянын партиясына фитосанитардык сертификат жок болгондугуна байланыштуу жүк жөнөтүүчүгө кайтарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар