Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командалары Венгрияда өтө турган эл аралык рейтингдик мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 16-20-июль күндөрү Будапешт шаарында өтөт.
Мелдешке өлкө намысын коргоо үчүн башкы машыктыруучу Улук Карачолоков жана улук машыктыруучу Арсен Эралиевдин жетекчилиги астында 10 балбан аттанды.
Курама команданын курамы:
• Жоламан Шаршенбеков (60 кг);
• Автандил Таалайбек уулу (63 кг);
• Раззак Бейшекеев (72 кг);
• Алибек Бердиев (77 кг);
• Акжол Махмудов (82 кг);
• Ырыскелди Максатбек уулу (82 кг);
• Асан Жанышев (87 кг);
• Үзүр Жусупбеков (97 кг);
• Нурболот Токтогонов (130 кг);
• Эрлан Манатбеков (130 кг).

