Аргентина курама командасы Англияны 2:1 эсебинде жеңип, катарынан экинчи жолу футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.
55-мүнөттө Энтони Гордон киргизген голдон кийин Англия алдыда келе жаткан, бирок аргентиналыктар оюндун нугун өз пайдасына өзгөртө алышты. 85-мүнөттө Энцо Фернандес эсепти теңесе, 92-мүнөттө Лаутаро Мартинес жеңиш тобун киргизди. Лионель Месси эки голдук пас берди.
Англия 1966-жылдан бери биринчи жолу мундиалдын финалында ойноо мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.
Эске сала кетсек, Аргентина курамасы — учурдагы дүйнө чемпиону.
Дүйнө чемпионатынын финалында алардын атаандашы Испания курама командасы болот.

