USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

«Кара кызыл сары» тасмасы ШКУ кинофестивалынын баш байгесин жеңип алды

10:58, 20 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин биринчи Эл аралык кинофестивалынын башкы сыйлыгын кыргызстандык «Кара кызыл сары» (Black, Red, Yellow) тасмасы багындырды. Гран-при ээсин жабылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жарыялады.

Күн мурун Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин биринчи эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, кинофестиваль уюмга мүчө мамлекеттерден келген кинематографист, режиссёр, актёр, сценарист жана продюсерлерди бир аянтчага бириктирди.

Фестивалдын алкагында сынактык кино көрсөтүүлөр, чыгармачылык жолугушуулар, тегерек столдор жана кино тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган талкуулар уюштурулду.

 

«Кара кызыл сары» тасмасы ШКУ кинофестивалынын баш байгесин жеңип алды

«Жабылуу аземинде фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталып, негизги номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылды. Башкы сыйлык — Гран-при «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы тарткан «Кара. Кызыл. Сары» көркөм тасмасына ыйгарылды», — деп айтылат маалыматта.

Аземде маданият министри Мирбек Мамбеталиев сөз сүйлөп, фестивалга катышкан өлкөлөргө, эл аралык калыстар тобуна жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. Ал кино маданияттардын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана достукту чыңдоодогу маанилүү күч экенин белгилеп, фестиваль ШКУ өлкөлөрүнүн кино тармагындагы кызматташтыгына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканын айтты.

Белгилей кетсек, кинофестиваль 16-19-июлда өттү.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика