22:05
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

ЖОЖдорго кабыл алуунун экинчи туру башталды

Бүгүн, 20-июлда жогорку окуу жайларга кабыл абитуриенттерди тандоонун жана кабыл алуунун экинчи айлампасы башталды.

Кабыл алууну жүргүзүп жаткан «Абитуриент онлайн» сайтында жазылгандай, экинчи тур үчүн каттоо бүгүн 9:00дө ачылды. Айлампа 22-июль, саат 14:00гө чейин уланат.

2026—2027-окуу жылына Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун биринчи айлампасы 13-июлда башталган. Ал 15-июль саат 14:00гө чейин уланмак. Техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу сайт ортодо иштебей калып, кабыл алуу ошол күнү 21:00гө чейин узартылган.

Эң көп окулган жаңылыктар