23:16
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Бишкектин 12-кичи районунда ичүүчү суу өчүрүлөт

Эртең, 23-июлда саат 09:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин 12-кичи районунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, диаметри 300 миллиметр болгон суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүш объектилерине суу берилбейт.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы. Бишкектин 12-кичи районунда ичүүчү суу өчөт

«Бишкексууканал» шаар тургундарын жана мекеме-ишканаларды алдын ала жетиштүү көлөмдө ичүүчү суу камдап алууга чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар