00:25
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Зинедин Зидан Франциянын футбол боюнча курамасынын башкы машыктыруучусу болду

Франция футбол федерациясы Зинедин Зидандын улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу болуп дайындалганын расмий түрдө жарыялады. 54 жаштагы адис менен түзүлгөн келишим 2030-жылдагы Дүйнө чемпионатынын аягына чейин эсептелген.

Маалыматка ылайык, француз футболунун легендасы жана 1998-жылдагы дүйнө чемпиону бул кызматта 14 жыл иштеп, 187 беттеш өткөргөндөн кийин кызматтан кеткен Дидье Дешамдын ордуна келди.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Зинедин Зидан Франциянын футбол боюнча курамасынын жетектейт

Жаңы машыктыруучу өз милдетин расмий түрдө 1-сентябрдан тарта аткара баштайт. Анын келишими 2030-жылга чейин түзүлгөн жана команданы дүйнө чемпионатына жана Европа чемпионатына даярдоону камтыйт.

Эң көп окулган жаңылыктар