04:27
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Быйыл Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы 11-12-сентябрда Таласта өтөт

Быйыл Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган негизги майрамдык иш-чаралар 11-12-сентябрда Талас шаарында өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-август — Эгемендүүлүк күнүндө өлкөнүн бардык аймактарында майрамдык иш-чаралар орун алат.

Ал эми борбор калаада болсо бул күнү Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Ошондой эле жаңы курулуп жаткан «Бишкек Арена» стадиону ачылып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий старт берилет. Анда оюндарга катышкан командалардын парады жана концерттик программа уюштурулат.

Эң көп окулган жаңылыктар