03:15
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Бүгүн Караколдо күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 5-августа Караколдун жанында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, сейсмикалык активдүүлүк саат 7:05те катталганы белгиленет. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында: Эңилчек айылынан батышка карай 9 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 69 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жердин силкинүү күчү Эңилчек айылында 2,5 баллды, Кургак айылында 2 баллды түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар