04:20
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Жол куруудагы мыйзам бузуулардан мамлекетке 171 миллион сом зыян келген

Жол куруудагы мыйзам бузуулардан мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жол курууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттын пайдаланылышын текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекетке 171 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.

Башкы прокуратура
Фото Башкы прокуратура. Жол куруудагы мыйзам бузуулардан мамлекетке 171 млн сом зыян келди

Маалыматка ылайык, жол тармагындагы бир катар мамлекеттик ишканалар квалификациялык талаптарга жооп бербеген компанияны субподрядчы катары тартып, мыйзамда каралган кепилдиктер жана аткарылган иштерди ырастоочу документтер жок болсо да ага бюджеттик каражаттарды которушкан. Натыйжада каражаттар максатсыз пайдаланылган.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп жиберүү» беренелери менен эки кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар