02:59
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

ӨКМ: Ак-Талаа районунда сел 18 үйдүн короосун каптады

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында сел суулары коргоочу каналдан ашып, 18 турак үйдүн короосун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, суу эки үйдүн жер төлөсүнө кирген. Ал эми дагы беш үйдүн короосу сел калдыктарына толгон. Учурда жеринде кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Бир атайын техника тартылып, 12 куткаруучу жана жарандык коргонуу кызматтарынын 8 кызматкери иштеп жатат.

Эске салсак, бүгүн түнү ал жерде сел жүргөн, буга чейин ӨКМ нөшөрлөп жааган жамгыр тууралуу эскерткен болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар