Социалдык тармактарда али ачыла элек мугалимдин эстелигиндеги жазуу кызуу талкууланууда. Колдонуучулар постаменттеги «Дүйшөн агай» деген жазуу тырмакчага алынып калганына көңүл бурушкан.
Facebook колдонуучусу Эльмира Ажыканованын билдирүүсүндө эстелик ачылганга чейин тырмакчаларды алып салуу керектиги айтылат. Ал эстелик ачылгандан кийин да жазуу ушул бойдон калабы деп кооптонот.

Посттун астындагы башка колдонуучулар да Дүйшөн агай — бул чыгарманын аталышы эмес, повестин каарманынын ысымы экенин, ошондуктан ал жерде тырмакчанын кереги жоктугун белгилешүүдө.
Эстелик Агартуу министрлигинин имаратынын каршысына орнотулган. Учурда ал кездеме менен жабылып турат, расмий ачылыш күнү азырынча кабарлана элек.