Көчмөндөр оюндары-2026: Боз үй тигүү боюнча жаңы рекорд — 6 мүнөт 30 секунд
14:25, 05 сентября 2026, Бишкек - 24.kg
«Кийиз Дүйнө» командасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн боз үй тигүү боюнча мелдеште баш байгени багындырды.

Финалга катталган 32 команданын ичинен суурулуп чыккан эң мыкты сегиз команда өттү. Жеңүүчүлөр боз үйдү 6 мүнөт 30 секундда тигип, мелдештин жаңы рекордун орнотушту.
Чемпионат 2026-жылдагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өттү.