Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу: Эң бийик көпүрө Сузакта курулат
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун багытындагы эң бийик көпүрөнүн курулушу тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган курулуш эл аралык темир жол долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Сузак районунда курулуп жатканы белгиленди.
Көпүрө Көч-Алат дарыясы аркылуу салынууда, анын жалпы узундугу 956,67 метрди, ал эми эң бийик түркүгүнүн бийиктиги 96 метрди түзөт. Курулуштун жалпы бийиктиги 122 метрге жетет.

Бул объект курулуп жаткан темир жолдун бүткүл аралыгындагы эң бийик көпүрө болуп калат деп белгилешти ведомстводон.
Көч-Алат дарыясындагы көпүрө жаңы темир жол каттамындагы эң ири инженердик курулмалардын бирине айланат.
Объектте пайдубалын түптөө иштери толугу менен аяктады. Көпүрөнүн түркүктөрүн жана тирөөчтөрүн тургузуу иштери уланууда.
Бул сыяктуу курулуштарды куруу темир жол долбоорун ишке ашыруунун техникалык жактан эң татаал этаптарынын бири болуп саналары белгиленди. Темир жол тилкесинин татаал рельефтүү аймактар аркылуу өтүшүн камсыз кылуу үчүн тийиштүү көпүрө инфраструктурасын түзүү каралган.
Эскерте кетсек, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу расмий түрдө 2024-жылдын декабрында башталган. Кыргызстандагы тилкеси Торугарт — Макмал — Жалал-Абад багыты боюнча өтүп, Кытай менен Өзбекстандын темир жол тармактарын бириктириши керек.