Коопсуздукту камсыздоо: Баткенде «Тилектештик-2026» операциясы өтүүдө
«Тилектештик-2026 — Кыргызстан» чек ара операциясынын негизги этабынын алкагында Баткен облусунда күч түзүмдөрүнүн жана кызматташкан мамлекеттик органдардын бөлүмдөрүнүн сапка тизилүүсү жана бөлүштүрүлүшү өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынан билдиришти.
Катышуучуларга мамлекеттик чек араны кайтарууда колдонулуучу атайын автотранспорттор, учкучсуз учуучу аппараттар, кызматтык иттер жана башка техникалык каражаттар көрсөтүлгөнү белгиленди.
Андан соң бөлүнүштөр белгиленген кызмат өтөө зоналарына жөнөтүлдү.
«Тилектештик-2026 — Кыргызстан» биргелешкен операциясы мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу, күч түзүмдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо жана чек арага чектеш аймактардагы кырдаалга ыкчам чара көрүү үчүн өткөрүлүүдө, деп айтылат маалыматта.