Кышка даярдык: Жылуулук берүү сезонуна карата оңдоо иштерин аяктоо тапшырылды
Энергетика министри Алтынбек Рысбеков энергетикалык уюмдардын жетекчилерине объекттерди 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдоону тапшырды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Тапшырмалар бүгүн, 8-сентябрда министрликтин энергокомпанияларынын, уюмдарынын жана түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилери менен өткөрүлгөн жумушчу кеңешмеде коюлду.
Энергетикалык объекттерди пландаштырылган оңдоодон өткөрүү, реконструкциялоо жана модернизациялоо иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо талап кылынды.
Өзүнчө тапшырма катары 11-12-сентябрда Талас облусунда өтө турган Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чаралар учурунда туруктуу электр камсыздоосун камсыз кылуу милдеттендирилди.