Быйыл мектептерде окуу китептери үчүн ижара акысы көтөрүлбөйт
Быйыл Кыргызстандын мектептеринде окуу китептеринин ижара акысы жогорулатылбайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Окуу китеби» басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов билдирди.
Анын айтымында, окуу жылы башталганга чейин тиешелүү буйрукка кол коюлат.
Ижара баасы мурунку жылдардагы деңгээлде калат — бир китепке жылына 25 сом.
«Биз окуу адабияттарын көп нускада басып чыгарып жатабыз, бул өздүк наркты жогорулатпоого мүмкүндүк берет», — деди Төлөгөн Аматов.
Белгилей кетсек, ижарага жаңы китептер гана берилет. Ал эми эски окуу китептери окуучуларга акысыз колдонууга сунушталат. Айрым эски китептер жетишсиз болгондуктан, ата-энелер аларды өз каражаттарына сатып алууга мажбур болушууда.
Ал эми 12 жылдык окуу программасы боюнча жаңы китептерге өтүүдө окуучуларды толугу менен камсыз кылуу убадаланууда.
Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мектептеринде 2026/27-окуу жылында колдонууга уруксат берилген окуу китептеринин тизмесин Агартуу министрлиги бекиткен. Буйрукта кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде билим берүүчү мектептер үчүн китептердин тизмеси көрсөтүлгөн.