Кыргызстан PISA сынагында 11 позицияга жогорулады. Бул тууралуу маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди
Кыргызстан изилдөөгө 16 жылдык тыныгуудан кийин кайра катышып, PISA тестин биринчи жолу компьютердик форматта тапшырды. Негизги багыт катары табигый-илимий сабаттуулук тандалып, мындан тышкары моделдөө жана алгоритмдештирүүнүн негизинде көйгөйлөрдү чечүү жөндөмү бааланды.
Кыргызстандын орточо көрсөткүчү табигый-илимий сабаттуулук боюнча 363 баллды, математикалык сабаттуулук боюнча 364 баллды, ал эми окуу сабаттуулугу боюнча 344 баллды түздү. 2006 жана 2009-жылдардагы жыйынтыктарга салыштырмалуу өсүш статистикалык жактан маанилүү экени белгиленди.
Эске салсак, PISA — Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму тарабынан 15 жаштагы окуучулардын билим жана көндүмдөрүн реалдуу турмуштук кырдаалдарда колдоно билүүсүн баалоочу эл аралык изилдөө. Анын максаты рейтинг түзүү эмес, билим берүү системасынын күчтүү жана көйгөйлүү жактарын аныктоо болуп саналат.