04:50
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Кыргызстандан беш ай ичинде 114 чет элдик жаран чыгартылган

Кыргызстандан беш ай ичинде 114 чет элдик жаран департация болуп, тиешелүү документтери талапка жооп бербеген 1 миң 500 факт катталган. Бул тууралуу Мамлекети чек ара кызматы билдирет.

Жогоруда көрсөтүлгөн убак аралыгында 3 миллион 500 миң киши жана 220 миң транспорт өлкөгө кирип-чыккан. Чек ара эрежесин бузган 57 киши кармалган.

Беш ай ичинде кармалган аткезчилик товарларынын жалпы көлөмү 12 миллион сомду түзөт.

«Жети даана курал жарак, мергенчилик мылтыгына ок-дары жана эки жолу баңги зат кармалган», — деп маалымдалат.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума