05:53
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Өмүрбек Текебаевдин Үсөнов менен Сегизбаевдин мүлкүн камоого алуу талабы күчүндө

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев жана президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөновдун мүлкүн камоого алуу талабы күчүндө. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине депутаттын жактоочусу Талаайгүл Токтакунова билдирди.

Эскерте кетсек, партиянын жактоочулары, «Белизгейт» боюнча такталбаган маалымат таркатып, «Ата-Мекендин» депутаттарынын аброюуна шек келтиргендиги үчүн Алмаз Үсөнов менен Абдил Сегизбаевге каршы сотко 65 миллион сомдук доо арыз жолдошкон. Бирок, Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту аталган аткаминерлердин мүлкүн камоого алуудан баш тарткан.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунун чечими күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума