18:44
USD 88.33
EUR 95.26
RUB 0.96

CAFA чемпионаты (U-18). Кыргызстандык футболчулар үчүнчү орунду ээледи

Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы Душанбеде (Тажикстан) өткөн CAFA U-18 Women’s Championship турниринде үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Кыз-келиндер футболунун ассоциациясы маалымдады.

Футболчу кыздар түркмөнстандык (3:1) жана тажикстандык (3:0) атаандаштарын жеңип, Өзбекстандын командасына утулуп (1:6), Иран менен тең чыкты (1:1).

Биринчи орунду Ирандын курамасы, экинчини Өзбекстандын командасы ээледи.

Эң көп окулган жаңылыктар