18:14
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Дагы бир кыргызстандык мушкер бокс боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль утту

Бүгүн Казакстандын Астана шаарында бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатынын финалдык беттештери өтүүдө. Эфирди бокс боюнча Азия конфедерациясынын YouTube каналынан көрүүгө болот.

54 килограммга чейинки салмак ченинде Амантур Жумаев өзбек спортчусу менен беттешип, күмүш медаль тагынды.

Эскерте кетсек, буга чейин 51 килограммга чейинки салмак ченинде Зафарбек Камилов күмүш медаль алган.

Бүгүн, 6-майда Мухаммадазиз Закиров (80 килограммга чейин) алтын үчүн күрөшөт.

Белгилей кетсек, кыргызстандык алты спортчу турнирде коло байгеге ээ болушту.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума