08:27
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

Түндүк — түштүк альтернативдик жолунда жер көчкү жүрүп, жол жабылды

Жалал-Абад — Балыкчы альтернативдик жолунда транспорт кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, мындай чечим кечээ, 28-апрелде түндүк — түштүк альтернативдик жолунун 63-чакырымында катуу жаандан улам жер көчкү жүргөнүнө байланыштуу кабыл алынган.

Жеринде тазалоо иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар