15:54
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Жалал-Абад облусунда жер көчкү жүрдү

Жалал-Абад облусунда жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Мекемеге Базар-Коргон районундагы Арстанбап айыл аймагына караштуу Чкалов айылында жер көчкү түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Жеринде ыкчам топ иштеп жатат.

Аталган аймакта 7 миң куб жер көчкү түшүп, бир турак жайга кооптуулук жаралган. Үй-бүлө жергиликтүү бийлик тарабынан берилген эскертменин негизинде көчүрүлгөн.

Мындан сырткары, көчкү түшкөн аймактын айланасында 250 метр узундукта 20-25 сантиметр жаракалар бар экени аныкталган.

Белгилей кетсек, Базар-Коргон району боюнча 98 үй-бүлө кооптуу аймакта күн өткөрүп келишүүдө, анын 9у ушул айылда жашайт.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума