11:28
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Бишкектеги массалык уулануу. Жабыркагандардын саны 68ге жетти

«Улуу-Тоо» ресторанында уулангандардын саны 68ге жетти. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти.

Эске салсак, ресторанда бир жумада эки жолу массалык уулануу болгон. Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 80-беренесине ылайык, ресторанга 13 миң сом айып пул салуу токтому чыгарылган.

Министрлер кабинети Саламаттык сактоо министрлигине санитардык-эпидемиологиялык жана тамак-аш коопсуздугунун эрежелерин бузган коомдук тамактануу жайларга айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү боюнча сунуш киргизүүнү тапшырган.

Эң көп окулган жаңылыктар